Акыркы суткада Баткенде эки өрт кырсыгы катталды

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматта, кечээ 26-март күнү саат 17:46да Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына караштуу дыйкан чарба багытындагы куураган чөп күйүп кеткен. Ушул эле күнү Кадамжай районунун Исхак Полотхан айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында да саат 16:34тө ачык аянтта куураган чөп өрттөнгөн. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок.